Экс-мамлекеттик катчы Демократиялык партиясы тарабынан президенттикке көрсөтүлүп, АКШнын тарыхында биринчи аял талапкер болду.

Добуш берүүнүн негизинде Филадельфиядагы партиялык съезддин делегаттары тарабынан тийиштүү делген 2383 добушту ала алды.

Буга чейин февраль-июнь айларында өткөн болжолдуу шайлоодо да Клинтон негизги атаандашы Берни Сандерстен миң добушка көбүрөөк ээ болуп андан ашып кеткен.

Ал АКШ президенттигине талапкер болушун тарыхый учур катары баалады.

Эми эрежеге ылайык ал расмий түрдө президенттикке шайланууга макулдугун бериши керек.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт.

Клинтон менен вице-президенттике Демократия партиясынан ат салышып жаткан Тим Кейндин атаандаштары республикачылар Дональд Трамп менен Майк Пенс болот. Алар өткөн жумада партиянын съездинде ажолукка көрсөтүлүшкөн.

Бөлүшүү