Уюштуруу иш-чараларынын жүрүшүндө бир катар көрсөтмөлөр жана буйруктар чыгарылып жана комплекстүү иш мерчемдери аныкталды.

Коомдук тартипти бекем сактоо, жол коопсуздугун дыкааттык менен көзөмөлгө алуу, жарандардын жана  кыргыз жергесине келген меймандардын коопсуздугун сактоо боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, көчмөндөр оюндары өткөрүлүүчү  бардык жайлар жана аймактар толугу менен катуу көзөмөлгө алынат.

Учурда ат майданга жана ага жакын жайларга күнү-түнү ишке киргизилген бир нече посттор коюлуп иштей баштады.  Ички иштер министрлиги транспорт министрлиги менен бирдикте  унаа жолдорун, жол боюндагы белгилерди жана көпүрө курулуштарын текшерүүгө алышып, тез аранын ичинде жол коопсуздугуна байланыштуу кемчиликтерди жойуу боюнча кошумча иш аракеттерди көрүүдө. Ошондой эле унаа токтотуучу жайлардын уюштурулушу жана сапаты да көзөмөлгө алынууда.

Ошондой эле ички иштер министрлигине коомдук тартипти камсыз кылууга кошумча күч катарында Улуттук Гвардиянын жана коргонуу комитетинин кызматкерлеринин  да ченемдүү сандагы кызматкерлери  тартылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү