Бүгүн илимдер академиясында илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү.

Иш-чарага өлкөнүн окумуштуулары, УИАнын ардактуу академиктери, илимий-педагогика тармагынын жана академиянын кызматкерлери катышты. Ошондой  эле Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев илим күнүнө карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

“Эки жылдан бери Кыргызстан, анын ичинде илимдер академиясы кыйын кырдаалды башынан өткөрдү. Мекемени жоёбуз деген кептер да болду. Ал ортодо илим жаатында реформа болот деген чечимдер чыкты. Ар кандай кыйынчылыктарга карабай бүгүнкү күндө академия өз киндигин өзү кесип келет. Ал эми мамлекети, экономикасы, технологиясы өнүгүп жаткан мамлекеттер илимине жакшы көңүл буруп жатканы белгилүү. Бир катар өлкөлөр мына ушул илимди өнүктүрүү жолу менен баратат. Андыктан, биз да ич ара реформа жасап, илимди ошондой деңгээлде өнүктүрүшүбүз керек” – деди ал.

Андан сырткары илим жана илимий-инновациялык жетишкендиктерди коомчулукка таанытуу максатында УИА илимпоздорунун эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулуп, илимий иштелмелердин булактары көргөзмөгө коюлду.

Бөлүшүү