Эки күн мурда 22 жаштагы студент Ош облустук ооруканасында каза болгон.

Анын денеси оорукананын өлүкканасында. Инсульт алган студент 4 күн комада жаткан.

Ал ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин 1-курсунда окуган. Окуу жайдан билдиргендей, Ошко Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү келишип, ректор менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Кечээ индиялык студенттер сөөк кармалып жатканына нааразы болуп митинг уюштурушкан.

Бөлүшүү