Малды идентификациялоо маселеси көтөрүлүп чыкканына сегиз жылдын жүзү болду. Убагында ар бир малдын өздүгүн каттоого алуу күлкү келтиргени менен, азыркы учурда ал актуалдуу жана тез арада ишке ашырылышы керек болгон маселеге айланды.

Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча 400 миң жылкы, 1,5 млн бодо мал жана 6 млн ашуун майда жандык бар. Өкмөттүн божомолунда  бодо мал 2014-жылы, жылкы 2015-жылы жана койлор 2016-жылы расмий түрдө катталышы керек болчу.

Быйылкы жылдын башталышы менен өкмөт бул маселени кайрадан көтөрүп чыкты. Анткени, Кыргызстан мүчө болгон ЕАЭБдин талабы дал ошого келип такалды. Анын натыйжасында идентификациялоо ишин  ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ишти мойнуна алды.

“Малды идентификациялоо мурун эле бүтө турган иш болчу. Бодо мал көп багылгандыктан уйларга биринчи жасалышы керек эле. Акимчиликтер кошо киришиши керек. Ошондо идентификация эртелеп бүтөт. Андан кийинки кезекте канаттуулар турат“, — деген оюн билдирди ЖК депутаты Алмасбек Акматов.

2,2 млн долларга керектүү жабдыктар алынып, 500 миң долларга атайын программалык камсыздоо ишке ашырылган. Миңден ашуун смартфон жана ноутбуктар алынып, пилоттук райондордогу (Ысык-Ата, Кара-Буура, Ноокат) ветеринарларга таратылган.

“Бай деп аталган өлкөлөрдө да идентификациялоо толугу менен ишке ашырылган эмес. Себеби бул иш өтө чоң эмгекти жана каражатты талап кылат. Малдын кулагына  бирка тагып коюу менен иш бүтпөйт. Мал бир орунда турбайт. Колдон колго өтөт, союлат жана өлөт. Ошонун баарын эсепке алып, маалыматтык базага киргизип-чыгарып туруу керек”, — дейт ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов.

Анын билдирүүсүндө, азыр маминспекция БУУнун өнүктүрүү программасы менен иштешүүдө. Андан 6 окутуучу даярдалып, алар облустарда башка окутуучуларды, 3 миңге жакын ветеринар жана операторлорду окутушат.

“Комплектте эки жуп бирка болот. Анын баасы – 40 сомго чейин, ветеринардын кызмат акысы 30 сомдой болот. Ал каражатты фермер өзү төлөйт. Эл буга түшүнүү менен караса экен дейбиз” – деди Жумаканов.

Директордун билдирүүсүндө, үч райондо ийри мүйүздүү малды каттоо жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Мал идентификациясы кайталанып туруучу процесске кирет.

 

Бөлүшүү