Кыргыз жарандарынын бар жогун тактоону тышкы иштер министрлиги КРдин Швейцариядагы элчилигине тапшырды.

Бүгүн таң эрте Италияда күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен имараттар урап, жолдор менен көпүрөлөр жарактан чыккан. Урандынын астында адамдар калып, жабыр тарткандардын саны 20га жетип калганы айтылууда.

Италияда КРдин элчилиги же консулдугу жок, аймагы боюнча Италия Швейцариядагы элчиликке карайт. Ошондуктан, ТИМ тактоону Швейцариянын элчилигине тапшырганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүшүү