Интернет жана социалдык тармактар бул пайдасыз убакыт өткөрүү деген түшүнүк артка калгандай. 

Жоголуп кеткен балдарды табуу же операцияга каражаты жетишсиз жарандарга социалдык тармактын жардамы тиет.

Картондо уктаган бала

Бир-эки күн мурун картондо уктаган баланын сүрөтү катуу талкууланды.

«Эмне үчүн милиондогон инвестиция түшүп, жаман жуурканды таштандыга ыргыткан өлкөдө бала картондун үстүнө уктайт»,- деген нааразычылыктар абдан айтылган.

картондо уктаган бала

Миңдеген адам бул сүрөт менен бөлүшүп, бир заматта кичинекей Исхак 3 жашта экендиги, 2 бир тууганы бар болгондугу жана энеси базарда унаа токтотуучу жайда иштей турганы маалым болду.

Атүгүл кичинекей Исхактын тагдырына президент Атамбаев өзү кийлигишип, Ош облусунун жергиликтүү башкармалыгы турак жай маселесин чечип, көптөгөн көңүл кош болбогон адамдардан материалдык жардам тууралуу сунуштар түшкөндүгү айтылат.

Ушундай эле окуя «тепшиге байланган бала» жана «ооруган энесин багып, базарда баштык чогулткан 13-жаштагы Айчүрөк» менен болгон.

Интернетке бул окуялар тарап, талкууга алынган соң, министирликтер ордунан жылып, колдонуучулар арасында да материалдык жардам көрсөткөндөр көп болгон.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева билдиргендей, ар бир райондо социалдык башкармалар бар.

«Интернет булактарына чыгып, жардам издегендерге колдоо көрсөтүп келебиз. Мисалы ошол эле тепши менен жүргөн Нуржигитти алсак болот. Министирлик ага атайын коляска берген”,- дейт.

Мындан тышкары, анын айтымында, ар бир жардамга муктаж жаран министирликтин коомдук кабылдамасына кайрылат.

«Банктта эсеп ачтырып, социалдык тармактар аркылуу элге кайрылса болот. Албетте документтери текшерилген соң. Көп учурда оор абалдагы жарандарга чоң уюмдар же компаниялар, жеке бизнесмендер жардамга келет»,- деди ал.

Жоголгон баланы табууда да социалдык тармактардын күчү чоң болот.

Балдар бакчасынын жанынан жоголуп кетип, ыйлап жаткан баланын ата-энесин колдонуучулар 1 саатта таап беришкен. Социалдык тармактагы бөлүшүү аркылуу.

репост

Елена Леонова баланын ата-энесин социалдык тармактар аркылуу таап берген.

Куткаруучумду издөөдөмүн

Нурбек Сатимбаев фейсбук колдонуучуларына кайрылгандардын бири. Ал унаасы аңга кирейин деп калганда жардамга келип, өмүрүн сактаган айдоочуну издеген. Анын айтымында, ошол убакта өзүн жоготуп койгондуктан куткаруучунун аты жөнүн сурабай калган экен.

Бирок тилекке каршы белгисиз айдоочу табылган жок дейт ал.

«Негедир көпкө издедим. Бир кыз ал казакстандык деп жазган эле, бул маалымат чын окшойт. Балким айдоочу өзүн атагысы келбей аткандыр», — деп saat.kgге билдирди.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=972949102802380&set=a.952633101500647.1073741830.100002618986111&type=3&theater

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү