93 жаш курагында Шимон Перес бүгүн түнү инсульт оорусунан улам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Инсульт оорусуна ал эки жума мурун кабылган. Перес ооруга чалдыгаары менен медикаментоздук комага жаткырылып, ага жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган. Дарыгерлердин кыйла аракеттерине карабастан, анын абалы кечээ түнү начарлап кеткен.

Ал Израилдин тогузунчу президенти. Өлкөнү 2007-2014-жылдар арасында башкарган. Жашы бир топко барып калгандыктан, президенттиктин акыркы жылдарында планетадагы эң кары өлкө башкаруучу болуп эсептелинчи. 

 

Бөлүшүү