Риодогу жайкы Олимп оюндарында кызытма колдонду деп айыпталып, медалдан кол жууган алгачкы спортчу болуп Иззат Артыков аталды.

Бул маалыматты дүйнө ММКлары спорттук арбитраждык сотко (CAS) таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, берилген кызытма-тест оң чыгып Артыковдун канынан стрихнин табылган.

Спортчу өзү окуяга түшүндүрмө бере элек. Ал эми машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров бул маалыматты четке какты.

Буга чейин 7-орунду алган француз оор атлетчиси Бернардин Кингу Матам тизмедеги алдыңкы 5 спортчунун тазалыгынан күмөн санап жатканын айтып чыккан.

Ошол убакта Иззат Артыков өул жөн гана ич күйдүүлүк деп түшүндүрүп берген.

 

 

 

Бөлүшүү