Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдөн келип жаткан товарлар аткезчилик деп эсептелинбеши керек.

Бул тууралуу аткезчиликке каршы күрөшүү жана ата мекендик ишкерлерди колдоо боюнча өткөрүлгөн жыйында Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев айтты.

«Анткени, биримдиктин алкагында эрежелер иштелип чыгып, товарлар жана продукциялар оңой жүгүртүлүшү керек деп белгиленген. Казакстан менен азыр чек аралар ачык болгондуктан эки тарапка тең өтүп жатат. Бирок анткени менен, эсеби жок товарлардын ары-бери өткөрүлүшү күчөдү.» -дейт К. Айдаралиев.

Анын айтымында, текшерип өткөрүү бекеттериндеги талондорду толтурууда салык кызматы ишкерлердин 20 пайызын таппай калып жатат. Салык кызматы тактай албай кыйналууда.

«Ишкерлер анык бааны төмөндөтүп көрсөтүп коюшууда. Эгерде баасын беш эсе төмөндөтсө салык 5 эсе төмөн болот. Аны менен салык системасы жабыркап жатат. Салыкты алып салса эле ишкер бутуна туруп кетпейт. Ишкер өзү тобокелге барганды үйрөнүшү керек. Негизги максат чоң өлкөлөрдүн арасында ордубузду таап, салык кызматын жакшыртуу болуп эсептелинет», — деп эсептейт ал.

Бөлүшүү