Тасманы журналист, фотограф, документалист Жаңыл Жусупжан тарткан. 1 саат 45 минутага созулган бул тасмада автор жеке өзүнүн башынан өткөргөн жана уккан окуяларды баяндайт. Ал аркылуу өз жерин жоготуу, жакындарынан ажыроо, сагыныч сезимин чагылдырат.

9-апрелде Бишкектеги Кино үйүндө «Каратегинден кат» аттуу документалдуу тасманын бет ачары болуп өттү.

Саясий окуялардын артынан тарыхый мекенин таштап кеткен кыргыздар тууралуу, жарандык согушта жакындарынан ажыраган үй-бүлөлөр жөнүндө баяндалат. Ошондой эле Жерге-Талдын айылдарын, сууларын, тоолорун, жайлоолорун, кыргыздардын турмуш-тиричилигин, кыргыздар менен тажиктердин мамилесин чагылдырылат.

Тасманын тартылышна 2 жылдан ашуун убакыт коротулган. Фильм жаратууга Франция, Германия жана Чехия өлкөлөрү көмөктөшкөнүн автор Saat.kgге билдирди.

«Каратегинден кат»  документалдуу тасмасы жакын арада элге көрсөтүлбөйт. Дүйнөлүк фестиваль, конкурстарга катышкандан кийин гана жалпы журтка жарыяланат. Эске сала кетсек, бул тасма Кыргызстандан тышкары ар кайсы өлкөнүн курамында жашаган кыргыздардын алгачкы тасмасы.

Бөлүшүү