Акыркы учурда ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин отставкасы тууралуу ММКларда жана социалдык тармактарда кеп болууда.

“Коомубузда болуп жаткан жаңылыктар бардык жарандарды кайдыгер калтыра албаган мезгилде жашап жатабыз. Айрыкча, такталбаган маалыматтар, ушак-айыңга такалган жагдайлар кимге болбосун тескери таасирин тийгизип жаткандыгы жашыруун деле эмес. Баса белгилеп айта кете турган багытыбыз, министр Кашкар Жунушалиевдин отставкасы тууралуу жарыя болуп жаткан маалыматтардын жалган жана ушак айың экендигин расмий билдиребиз.  Жунушалиев учурда ички иштер органдарын реформалоо боюнча жүрүп жаткан бардык алгылыктуу иштерди жана багыттарды толугу менен колдойт жана аны ишке ашырууну, аягына чыгарууну колго алууну министр катары негизги максаты деп эсептейт”, — деп жазылган ИИМдин маалыматта.

Бөлүшүү