Алай районундагы «Алай жаштары» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү «Кесибим менин келечегим» долбоорунун негизинде 43 орто мектебинде болуп, бүтүрүүчүлөр менен туура кесипти тандоо боюнча багыт берип келишти.

Сүрөт: saat.kg
Сүрөт: saat.kg

«Мисалы бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү ЖОЖдордун престиждүүлүгүнө карап тапшырышат. Бирок 5 жыл окуган соң кесиби боюнча жумуш таап, иштеп кете алабы дегенге ойлоно беришпейт. Кийинки мезгилдерде бизде экономист, юрист, педагог, медицина тармагына тапшыргандар өтө көбөйдү. Ал эми курулуш, компьютердик технология, жеңил өнөр жай, энергетика, транспорт, тоо-кен казуу, туризм, тейлөө тармактарында кадрлар жетишсиз боюнча кала берүүдө. Бул жагдайдын алдын алуу үчүн бүтүрүүчү туура кесипти тандашы керек»,-дейт бирикменин өкүлү Илимбек Талантбеков

Анын айтымында, өлкөдө техникалык кесиптер боюнча билим алгандар ийгиликтүү жумуш орду менен камсыз болуп, тапкан акылары да жогору болууда. Ошого карабастан бул тармакта адистер дале жетишсиз бойдон калууда. Кен иштетүүчү ишканаларда көбүнчө орто кесиптик-технологиялык кесиптеги адистерге муктаж. Оор жүк ташуучу камаздардын айдоочуларына, экскаваторлордун операторлоруна жана ал техникалардын абалын текшерип, оңдогон слесарларга суроо-талап абдан жогору.

Сүрөт: saat.kg
Сүрөт: saat.kg
Бөлүшүү