Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна катышууда.

Өкмөт башчылар тар жана кенен чөйрөдө ЕАЭБге тиешелүү маселелерди талкуулашат.

Анда төмөнкү маселелер коюлат:

Биримдикке мүчө мамлекеттер өлкө ичинде өз ара кеңешүү үчүн ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишимдин долбоорун жөнөтүү тууралуу;

Быйылкы жылдын май айында кабыл алынган Евразиялык өкмөттөр аралык отурумда каралган “ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө товарларды көзөмөлгө алуу тууралуу” буйругун аткаруу. Анда дары-дармектер менен болгон документтер каралат.

— Казакстандын дүйнөлүк соода уюумуна мүчө болгондон кийинки ЕАЭБдин аймагындагы товар жүгүртүүгө байланышкан маселелер карала турганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүшүү