Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жыйын өткөрүп, «Үңкүр-Тоодо» болуп жаткан кырдаалга байланыштуу маселелер каралды.

Жыйынга ТИМ министри Эрлан Абдылдаев, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев, байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров катышышты.

Анда «Үңкүр-Тоонун» айланасындагы, барымтага алынган 4 жаранды кайтаруу маселелери боюнча сөз кылынды.

Жээнбеков өзбек премьер-министри Шавкат Мирзияев менен чек ара маселелери, кармоодогу жарандар тууралуу сүйлөшкөнүн айтты. Өзбекстан тарап Кыргызстан менен конструктивдүү кызматташууга, чек ара маселелерин жөнгө салууга кызыкдар экенин билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Бөлүшүү