Өкмөттү кооптонткон акыркы коңгуроо

Автор -
662

Акыркы коңгуроо бүтүүрүчүлөрдүн жашоодо бир келүүчү майрамы болгону менен жаштардын чектен ашкан шан-шөөкөтү көп көйгөйлөрдү жаратууда.

Мектеп бүтүүрүчүлөрдүн түнкүсүн ашыкча кафе-ресторандарда отуруп, кечени өткөрүүгө тыюу салган билим берүү жана илим министрлигинин буйругу 2016-жылдын 12-апрелинде чыккан. Бул буйрук 2011-жылдан бери бешинчи ирет чыгып отурат. Бирок буйрукка карабай адат болуп калган кече өткөрүлүп, ошол эле көрүнүштөр болуп келет.

Жылдагыдан айырмаланып, быйыл бүтүрүү кечеси 25-майда эмес, 27-майга белгиленген. Бул кышкы эс алуулардын күнүн эсептөө менен министрлик ушундай чечим кабыл алган деп билдирди saat.kgге министрликтин пресс-кызматы.

Акыркы коңгуроо майрамы жакындаган сайын коомчулукта, бүтүрүчүүлөр арасында да өткөрүү, өткөрбөө тууралуу кызуу пикирлер талкуланууда.

Ал эми айрым бүтүрүүчүлөр кымбат баалуу ресторандарды алдын ала алып коюшкан.

Акыркы коңгуроодогу үлпөт көйнөгү, кортеж, кафе-ресторандар үчүн 5 миңден 15 миңге чейин чогултушаарын белгилеп кетти атын атагысы келбеген бүтүрүүчүлөрдүн бири. Ошондой эле кечеге кыргыздын таанымал ырчы жылдыздары чакырылат. Айрым бүтүрүүчүлөр алдын ала лимузиндерди буйрутмага алып коюшкан.

Ал эми тыюу салган буйрукка бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери каршы чыгып, кымбат баалуу кийимдерди алып бергенин жана ресторандарды адын ала сүйлөшүп койгонун айтып, билим берүү мекемелерин кийлигишпөөнү суранышат.

Республика боюнча мектеп бүтүрүүчлөрдүн саны 62 миңге чамаласа, алардын 15 миңи Бишкек шаарындагы 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү.

Бишкек шаардык ИИББнын өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын жетекчиси Жамилия Токомбаеванын журналистерге берген маалыматында шаар бийлиги 15 миң бүтүрүүчүнүн «Акыркы коңгуроо» майрамын уюшкандыкта жана коопсуз өткөрүү максатында ишти баштаганын билдирди. Анда борбордук билим берүү башкармалыгы менен укук коргоо органдары бирге иш алып барганы жатат.

«Бүтүрүүчүлөр алдын ала кайсыл жерде, кайсыл күнү олтураары жөнүндө маалымат чогултуп, ага карата тартип сактоо органдарын бөлүп жайгаштырууда.»

Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаевдин маалымдашынча шаарда каллонна болуп унааларды айдап жүргөнгө, люктан жана терезеден башын чыгарып, кыйкырып жүргөндөргө 249-берененин негизинде жоопкерчиликке тартылат. Анда 3 миңден 5 миңге чейин акчалай айып салынат. Уруксат боюнча унаалар 5тен ашпашы керек. Ал эми ата-энелердин бир бөлүгү тыюуга каршы чыкса, колдогондор да жок эмес.

Эске салсак жылда чыгарылган буйрукка карабай бүтүрүүчүлөр 11 жылда бир жолу майрамдап койсок эмне болот деп, кымбат унаалар менен шаар кыдырып, кечинде кафе-ресторандарда отуруп, ичкиликтин кесепетинен ар кандай терс көрүнүштөр болуп келет. Өткөн жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда бүтүрүүчүлөр кечесине бара жаткан окуучулар кырсыктап, 18ге чыга элек үч адам мерт кеткен болчу.

Ал эми билим  берүү жана илим министрлигинин пресс-кызматы билдиргендей тыюу салынган буйрукка карабай кечки салтанаттарды өткөргөндөр административдик чаралар көрүлүп, сөгүш берилет. Эгер кандайдыр бир чектен ашкан окуялар болсо ал мектептин директорлору кызматынан айрылат.

Бөлүшүү