Аткаруу комитетинин куттуктоосу «ДКО-2016нын» катышуучуларына жана уюштуруучуларына жолдонду.

«Кыргыз жери бул — көчмөндөр цивилизациясынын бешиги десе жарашат. Ошондуктан тарыхый окуяларга бай Ысык-Көл жергесинде мындай этно спорттук, этно маданий жана илимий программадагы иш чаранын өтүп жатышы бекеринен эместир» — деп жазылат.

Оюндар духу күчтүү жана ден соолугу чың келечекти тарбиялоого салымын кошуп, андан сырткары көрүүчүлөргө терең ырахат тартуулабай койбой турганын белгилешкен.

«Колориттүүлүгү жана популярдуулугу боюнча оюндар олимп оюндарынан кем калышпайт десе болот. Улуттук спорт оюндарын сактап калуу жана өнүктүрүү КМШ өлкөлөрүндө актуалдуу болуп эсептелинет жана ошонун алкагында кийинки жылы Орусиянын Ульяновск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн улуттук спорттук оюндары боюнча фестиваль өткөрүлгөнү жатат», -деп аткаруу комитетинин катчысы Сергей Лебедев кат жолдогон.

Бөлүшүү