Атайын жай курулуп, диний-радикал кылмышкерлер башка жерде жаза мөөнөтүн өтөшөт. 

Абактагылардын өзгөчө категориясын түзгөн экстремизм жана терроризм үчүн кармалган кылмышкерлер жүздөп саналарын жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров Англиянын КРги элчиси Робин Орд-Смит менен болгон жолугушуусунда билдирген.

Парламент буга жараша мыйзамга өзгөртүү киргизди. Анткени, тажрыйбалар көрсөткөндөй жогоруда аталган кылмышкерлер калгандарына үгүттөө иштерин жүргүзүүгө жетишкен.

Ал эми элчинин айтымында Англия өлкөсү да КРге экстремизмге каршы күрөшүүгө жардам берет.

Анын билдирүүсү боюнча ЖАМКнын кызматкерлерине түрмө реформасы боюнча тренинг өтүү үчүн жакында англиялык эксперттер КРге келишет.

Бөлүшүү