Айтамамат Кадырбаевди Ош шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын депуттатары менен «Мыйзам жана ыйман» коалициясынын мүчөлөрү бир добуштан колдошуп, талапкерлигин көрсөтүштү.

Анын жасап жаткан иштерин канааттандыраарлык жана тажрыйбасы жетиштүү деп табышты.

Алдыда опозициянын сунушу бар. Азырынча Кадырбаевден башка талапкер көрсөтүлө элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы мэрди шайлоо 2016-жылдын 25-майына пландалганын Ош шаарынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурдагы калаа башчысы Мелис Мырзакматовдон кийин 2014-жылдын 15-январында мэр болуп шайланган.  Ага чейин 2012-13-жылдар арасында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияда башкы директордун орун басары кызматын ээлеп турган.

Бөлүшүү