Алдыда эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөө, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча кызуу даярдыктар жүрүп жатканда күтүлбөгөн жерден кырчындай өмүрлөр кыйылып кетти.

27-августта эртең менен орус басылмалары Москва шаарынын экстремалдык кызматына таянып, Алтуфьевск шоссесиндеги басмаканада өрт чыкканын, андан болжол менен 16 чакты КМШ жарандары жабыркаганын жазып чыгышты.

Андан соң Орусиянын укук коргоо органдарынын алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун бардыгы КРдин жарандары болгонун кабарлашты. Жалпы 17 адам каза таап, 12си куткарылып, 3 киши ооруканага жеткирилди деп жазышты.

«Печатный экспресс» ишканасына таандык болгон басмаканада кыска мөөнөттөгү чыңалуудан өрт чыгып, айрымдардын денелери күйүп, көпчүлүгүнүн ууктурган түтүндөн каза болгону айтылат. 14 кыргызстандык мерт кеткен. Көбү аялзаты жана 20-22 жаштардагы жаш кыз-келиндер болгон.

28-августта өкмөттүн чечими менен жумушчу топ Москвага учту. Топтун курамында вице-премьер Гулмира Кудайбердиева, коргоо министри Кубатбек Боронов, миграция кызматынын жана саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери жөнөп кеткен.

Алмазбек Атамбаев каза болгондордун жана жабыр тарткандардын жакындарына көңүл айтып, өкмөт тарабынан аларга материалдык жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

КРдин тышкы иштер министрлиги жан таслим болгондордун расмий тизмесин жарыялады. Анда 14 кыргызстандыктын каза болгону, үчөөнүн жаракат алганы айтылды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, кыргыз диаспоралары жана жабыр тарткандардын жакындары аза күтүштү.

Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен сөөктөрдү алып келүүгө атайын борт бөлүнүп, өкмөт өлүк коюу зыйнатына байланышкан материалдык чыгымдарды өз мойнуна алды.

Президент болуп өткөн окуяга байланыштуу 29-августту аза күтүү күнү деп жарыялады.

Чыныбай Турсунбеков каза болгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтүү боюнча жана бул иштин аткарылышын көзөмөлгө алууну Жогорку Кеңештин аппаратына тапшырды.

14 жарандын сөөгү бүгүн кечинде алынып келет. Кечээ Орусияга кеткен өкмөт мүчөлөрү маркумдарды алып кетүү уруксаты боюнса сүйлөшүү иштерин жүргүзгөн.

Кырсык болгон басмаканада техникалык коопсуздукка байланышкан текшерүү 4 жыл мурун өткөрүлгөн. Типографиянын ээси орусиялык бизнесмен Сергей Москвин экени айтылат. Аны менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын, эгерде коопсуздук эрежелери сакталбагандан улам өрттүн келип чыкканы далилденсе, Москвин 7 жылга соттолот.

Бул кырчын өмүрлөрдү кыйып кеткен каргашалуу окуя интернет айдыңында көптөгөн кеп-сөз жаратты. Жарандар окуяга мурунку кийинки бийликти күнөөлөп, унчукпай, үн катпай отурат деп бийлик өкүлдөрүн айыпташууда.

Мындай мигранттарга байланышкан кырсыктар биринчи жолу болуп жаткан жок.

2012-жылы Москва шаарындагы италия ресторанында газ баллон жарылып, 3 кыргыз жараны каза болгон.

Быйылкы жылдын январында Москвада тигүү цехинде өрт чыгып, 12 адам каза болгон. Цех жайгашкан имаратта жатакана болуп, анда кыргыздар жашаган. Каза болгондордун сегизи бири-бирине тууганчылык байланышы бар кыргыз жарандары экени айтылган эле.

Андан сырткары, иштөө үчүн барган улуттардын өкүлдөрү катышкан кырсыктар байма-бай катталып келет.

Орусиянын “дождь” телеканалы уюштурган маекте мигранттар федерациясынын вице-президенти Каромат Шарипов каза болгондордун жакындарына көңүл айтуу менен Борбордук Азиянын мигранттарына байланышкан мындай каргашалуу окуялар биринчи жолу болуп жатпаганын билдирди.

Анын айтымында кыргыз, тажик жана өзбек мигранттары кулга жана товарга айланды. Алардын укугу корголбойт, жашоо-иштөө шарттары начар, коопсуздугу эске алынбайт, эмгек акылары төлөнбөйт.

“Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болду. Бирок, кыргыз мигранттарынын шарттары оңолуп кеткен жери жок. Эмне үчүн коопсуздугу корголбойт? Болгону патентти алып коюшту. Ал эми келишимдин ичиндеги эрежелер өзгөргөн жок” – дейт Шарипов.

Ал мындай окуяларда эч качан күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылбайт деп белгилейт.

Азырынча КРдин кайгысы менен  тең бөлүшүп, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров күнөөлүүлөр жоопко тартыларын билдирди.

Андан сырткары казак президенти Нурсултан Назарбаев президенттер арасында биринчилерден болуп көңүл айтты.

Бөлүшүү