“Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коому кумтөр кениндеги өндүрүш жыйынтыктарын чыгарып жатып, компаниянын айланасында болуп жаткан маанилүү учурларга токтоло кетти.

Кумтөр

Ишкананын президенти Дэниел Дежардендин билдирүүсү боюнча, азыркы тапта кен өндүрүшүндө актуалдуу болуп турган маселелер бар. Бири кен ишин улантууга болгон уруксаттын чечилиши. Экинчиси, өндүрүштү токтотуунун кесепеттери жана үчүнчүсү ишканын ишмердүүлүнө коюлган экологиялык дооматтар.

“Чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинен март-апрель айларында эки жолу билдирүү алдык. Бири экологиялык талаптарга жооп берет деп табылган маанайда болсо, экинчисинде экологиялык талаптардын баары аткарылган эмес делинген жана “Омеко” кеңеш берүү компаниясынын көрсөтмөлөрү аткарылган эмес деген өңүттө келди. Ошентип, азыр ишкана агенттиктин жообун күтүп жатат.

Тоо-кен жана минералдык ресурстар агенттиги алдыда аткарыла турган кен өндүрүү иштерин өнүктүрүүнүн планын бекитиши керек. Экспертиза жүргүзүү үчүн 90 күндүк убакыт керектелерин билдирди. Анын чечимине жараша кен өндүрүшүнүн кийинки ишмердүүлүгү чечилгени турат. Уруксат берилбесе, компания ишин токтотууга аргасыз болот”, — деди.

Эгерде 30 – июнда кен иши токтоп кала турган болсо анын кесепеттери кандай болорун айтып берип жатып, “июлдан баштап декабрдын аягына чейин ички дүң өнүмү, кирешелер жана салык төлөмдөрүнө кете турган 122 млн доллар кемийт. 2026-жылга чейин мамлекеттин бюджети менен экономикасы 270 млн долларга азайат. Сегиз жумага токтогон кен иши 2017-жылдын экинчи жарымына чейин калыбына келбейт. Эң негизгиси 2500ден ашык адам жумушсуз калганы турат”, — деп кошумчалады Дежарден.

Кумтөр

“Кумтөрдөгү” экинчи маселе Бишкек райондук соту карап жаткан жана мамлекеттик экотехинспекция тарабынан “Кумтор Оперейтинг компани” ишканасына коюлган экологиялык дооматтар экенин, Д. Дежарден билдирди.

Аталган инспекция төрт доо арызын жазып, азыркы учурда Бишкек райондук соту экөөнү караган. Соттун чечими менен айлана чөйрөгө келтирилген зыяны үчүн  663 миң сом жана 6,7 млрд сомдун ордун толтуруу милдеттендирилген.

“Бирок, бул чечимдер менен “Кумтор Голд Компани” ишканасы макул эмес. Мыйзамдуу түрдө каралышын талап кылабыз. 2009-жылдагы келишимге ылайык, келтирилген зыяндар үчүн 310 миң доллар төлөнүп берилүүсү каралган. Аны компания эрежеге ылайык ар жылы төлөп берүүдө”, — деп ишкананын президенти кошумчалады.

Мамлекеттик экотехинспекциянын койгон дооматтарынын бири – калдыктардын төгүлүшүнөн улам мөңгүлөрдүн эриши, экинчиси- кенден казылган шагылдардын мөңгүлөргө төгүлүшү, үчүнчүсү – жер кыртышынын бузулуп жатышы жана төртүнчүсү сууну пайдалангандагы келтирилген чыгымдар.

Бөлүшүү