Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ЕАЭБге киргенден кийин ишке кирип, бизнес ишкерликке карата жеңилдиктерди түзүп бермек.

Фонд ЕАЭБдин алкагында Кыргызстанга чоң колдоо көргөзүү үчүн түзүлгөнүн фонддун төрагасынын орун басары Владимир Некрасов билдирди.

«Апрель айында насыянын түзүмдөрү тикелей иштеген ишкерлерге 4%, орто жана кичи бизнестер үчүн 5% АКШ доллары менен берилген. Андан сырткары, кыргыз сому менен 12%дан насыя бериле баштады. Азыркы учурда 3 банк менен иштешип жатабыз. Анын катарына дагы 5 коммерциялык банк кошулганы турат. Ушул убакка чейин 70 млн доллар ишкерлерге бөлүнүп берилди» , — деди В. Некрасов.

 

Бөлүшүү