1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мыйзамдуу түрдө мамлекеттик тил макамын алган. Андан бери 27 жыл өтсө да, тилдин айланасындагы маселелер толугу менен чечиле элек.

2009-жылы элди жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыгында кыргыз тилин 3 млн 830 миң 556 адам өз эне тили катары көрсөткөн жана 271 миң 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган. Бул КРдин калкынын 76%зы кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 5 млн 100 миң адам сүйлөйт.

 

Азыркы тапта мамлекеттик тилге карата кабыл алынган мыйзам жоболору, өнүктүрүү жолдору кандай ишке ашып, кандай натыйжа берип жатат?

Мамлекеттик тил комиссиясынын башкы адиси Мундузбек Абдыжапар уулунун айтымында, мамлекеттик тил боюнча кабыл алынган мыйзамдын айрым беренелери талаптагыдай аткарылбай келет.

«Жалпыга белгилүү болгондой 1989-жылы кабыл алынган мыйзам 2004-жылы өзгөртүлгөн. Анда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кайрадан иштелип чыккан. 36 берененин ар бирине токтоло турган болсок алар ишке ашырылып жатат. Бирок, ичинен айрымдары талаптагыдай эмес» — дейт ал.

Көрнөк-жарнактарга байланышкан тил мыйзамынын беренеси боюнча, жарнама алгач кыргыз тилинде, андан соң расмий тилде жазылышы керек.

«Котормо жөнүндө айта кетсек, тил жөнүндөгү мыйзамдын 27–беренесинде «баардык көрмө маалыматтар, көрнөк-жарнактар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы керек» деген талап бар. Бул мыйзамдын талабы азыркы күндө аткарылып калды. Мурда билесиздер, бир жарнак кыргызча жазылса, экинчиси орусча жазылчу. Расмий тилдеги жазуулар чоң жолдорго, борбордук көчөлөргө жайгашып, кыргызча жазуулар булуң-бурчтарга эле жазылчу. Кийин мамлекеттик тил комиссиясынын, Бишкек мэриясынын алдындагы жарнама департаментинин аракети менен биринчи кыргызча жазылып, андан кийин орусча жазылып калганын ар бир көчөдөн байкаса болот. Демек, мыйзамдын бул тарабы аткарылып калды десек болот» — деген оюн билдирет ал.

2013-жылы президенттин жарлыгы менен «2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы» бекитилген.

Адистин айтымында, буга чейин мамлекеттик тилди анчейин билбеген бийлик төбөлдөрү болгон.

«Мыйзамдын 8-беренесинде жазылган КРдин президенти, өкмөт башчысы, ЖК төрагасы, Башкы соттун, Конституциялык соттун төрагасы мамлекеттик тилди талаптагыдай билүүгө тийиш, өз оюн айтып, түшүндүрүүгө милдеттүү деген талабы бар. Бул мыйзам башында иштебей жүрдү. Анткени, кыргызча билбеген премьер-министрлер болду. Мисалы Игорь Чудиновду, Феликс Куловду билесиздер. Убагында ошондой саясий ишмерлер иштеп жүрүштү» — дейт ал.

Ошондой эле билим берүү боюнча дагы бир берене бар экенине токтолуп, жогорку окуу жайларында окуулар мамлекеттик тилде болушу керек деген мыйзам акырындык менен ишке ашып келе жатканын айтып өттү.

Тил жоболорунда мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил.

«Буга эми жапырт аракет керек да. Жалаң эле мамлекеттик тил комиссиясынын эмес, жалпы коомчулуктун иши.  Мамлекеттил тил эми өлкө аймагындагы расмий жана бейрасмий деңгээлде иш алып баруучу негизги тил да. Биз ошого жетишишибиз керек» — деген оюн билдирет ал.

Анын билдирүүсүндө 2000-2010-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн программа кабыл алынып, ал толук ишке ашкан эмес.

«Себеби, программада көрсөтүлгөн иш чаралар кайсы булактардан каржыланары белгиленген эмес. Азыркы учурда каржы булактарын аныктабаса, иштин жүзөгө ашышы кыйын. Азыркыда болсо, ким жооптуу, кайсы мөөнөттө аткарылышы керек, кайсы булактардан каржыланары толук индикатору менен көрсөтүлгөн. Программа үч этаптан турат. Азыр даярдык көрүү (2014-2016-ж.ж.) этабында турабыз. 2017-18-жылдар негизги этаптар жана 2019-20-жылдар аяктоочу этаптар» — дейт Абдыжапар уулу.

Эгерде программага жооптуу болгон билим берүү, маданият министрликтери, улутттук илимдер академиясы, билим берүү академиясы аракет кылса эле мамлекеттик тил көйгөйү чечилет деген үмүт бар экенин кошумчалайт ал.

«Программанын негизинде биринчи жолу кыргызтест системасы иштелип чыкты. Ал мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлеринин жана жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктайт. Буга чейин сынакты ким аларын тактай албай келгенбиз. Кадр кызматыбы, тил комиссиясыбы деген суроо пайда болгон? Азыр аныкталды. Билим берүү министрлигинин алдындагы кыргызтест деген түзүм (система) түзүлдү. Ал 2017-жылы ишке кирет. Анда жогоруда аталгандар тест тапшырат. Тесттин жыйынтыгы менен кийинки иш-аракеттерде ар бир кызматчы мамлекеттик тилди билүүгө далалаттанат деген ойдобуз» — дейт ал.

Ошондой эле тил саясатындагы негизги маселе бул — иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү экенин кошумчалайт. Ар бир жаран башка тилдүү болсо да, жок дегенде иш кагаздарынын негизги критерийлерин билип, арыз жазганды билиши керек деп эсептейт.

Бөлүшүү