Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору 22-31-октябрда Баткен жана Ош шаарларында кезектеги жолугушуусун өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын пикири келишкен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринин тизими макулдашылды.

Ошондой эле тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен иликтөөлөрдү жүргүзүштү.

Жалпысынан жолугушуу конструктивдүү негизде жана достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлуп, тараптар өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусун Өзбекстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Белгилесек, сүйлөшүүлөр 2016-жылдын август айынан жаңыртылган учурдан тарта эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу төрт ирет өткөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре эки тараптуу жолугушууларды үч ирет өткөрүү пландаштырылууда.

Бөлүшүү