Каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарына өлкөнүн карыздары боюнча маалымат берди.

Баарынан да Кыргызстандын кытайлык Эксимбанк алдындагы карызы көп – 1,3 млрд доллар. Калган карыздарды тизме түрүндө беребиз:

  1. Кытайдын экспорттук-импорттук банкы – $1,3 млрд
  2. Натиксис банк (Франция) — $5 млн
  3. JICA (Жапония) — $246 млн
  4. Германия — $83 млн
  5. Корея — $15 млн
  6. Кувейт фонду — $8 млн
  7. Орусия — $270 млн
  8. Сауд фонду — $8 млн
  9. Түркия — $97 млн
  10. Абу-Даби (Бирикке Араб Эмираттары) — $56,8 млн
  11. Эл аралык валюта фонду — $189 млн
  12. Азия өнүктүрүү банкы — $593 млн
  13. Евразиялык өнүктүрүү банкы — $650 млн
  14. Ислам өнүктүрүү фонду — $62 млн
  15. Айыл чарбасын өнүктүрүү фонду — $10 млн
  16. Түндүк өнүктүрүү фонду — $4,7 млн

Каржы министрлигинин маалыматында, 2015-жылдын аягына карата Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд 601 млн 100 миң долларды түздү.

Бөлүшүү