Жакында эле Ош шаарында таштандынын жанынан ымыркайдын сөөгү табылды. 5 айлык баланы медицина кызматкерлери аборт жасаган соң таштандыга ыргытып жиберишкен.

Ушундан улам дегеле аборт жасалган түйүлдүктөр жана бойдон түшкөн балдар кайда жиберилет деген суроо туулбай койбойт.

Негизи медицинада 12 жумага чейинки түйүлдүк аборт жолу менен алынат. Бул мөөнөттөн чоңдору жасалма жол менен төрөтүлөт.

Бишкек шаарындагы менчик клиникалардын биринде иштеген, аты-жөнүн атагысы келбеген медайым бойдон алынган түйүлдүктөрдүн 12 жумага чейинкилери канализацияга агызыларын айтты.

“Бойдон алдыруу учурунда түйүлдүк көп учурда былжыр канга айланып калат. Аларды кан калдыктары менен кошо унитазга төгүп жиберебиз”-деди.

Медайым 5-6 жыл мурунку практикасында түйүлдүктөрдү башка медицина калдыктары (шприц, колдонулган дарылар) менен кошо таштандыга ыргытып жиберген учурлардын болгонун жашырбайт.

Ал эми аборт болгон балдар кайда кетээри тууралуу Чүй облустук төрөт үйүнүн акушери Бактыгүл Исмаиловага кайрылганыбызда ал ымыркайлардын дароо өлүкканага жиберилерин белгилейт.

“Аборт жасалганы, бойдон түшкөнү жана ичтен чарчап калганы баары тең тез жардамдын унаасы менен дароо моргго жөнөтүлөт. Ал жактан кандай жол менен кантип көмүлөрү бизге белгисиз”, — деди.

Дарыгер айткандай, түйүлдүктөр ооруканалар тарабынан Бишкек шаардык борбордук өлүкканасына тийиштүү республикалык паталого-анатомиялык бюросуна келип түшөт.

Аталган жайдын кызматкери Наргиза Кыдыралиева ымыркайлар тону менен келип, гистологиялык анализге жиберилерин айтат.

“Бойдон түшкөн, ичтен чарчаган балдарды ата-энелери көп учурда жерге жашыруу үчүн өздөрү алып кетет. Ал эми калгандары муздаткычта туруп, бир айдын ичинде көмүлөт” – деди.

Ал эми бюронун врачы Чыңгыз Касымов билдиргендей ымыркай өлүкканага ар кандай жагдайлар менен түшөт. Салмагы 500 граммдан жогорку түйүлдүктөр ачылып текшерилет. Айрым ата-энелер текшертпестен дооматым жок деп арыз жазып алып кетет.

“Аларды көбүнчө мамлекеттик ооруканалар жиберет. Айрым учурда жеке клиникалардан келип түшөт. Ал жактан келгендерди соттук-медициналык экспертизага жиберебиз”, — дейт ал.

Врач балдардын андан аркы сөөгү өлүк көмүү агенттигине жиберилерин айтты.

Ал эми 5 айлык түйүлдүкдүктүн медицина кызматкерлери тарабынан таштандыга ыргытылышы биринчи жолу болуп жатканы же болуп эле жүргөн көрүнүш экени күмөн туудурбай койбойт.

Азыркы тапта баланы ыргыткан дарыгер өз күнөөсүн мойнуна алганын Ош ШИИБси билдирди. Ооруканада иштеген тазалык кызматкери арызына ымыркайды алып таштандыга ыргытканын жазган.

Бөлүшүү