Акыркы жылдары Кыргызстанда спорттун терең жайылышын байкоого болот. 

Ар бир ата-эне баласын спорттук секцияларга берүүгө аракеттенип, жаш-кары дебей шаар тургундарынын эртең менен сейил бактарда чуркаганын көрүүгө болот.

Ошону менен катар эле Кыргызстанда кайсы спорт түрү жаштар арасында популярдуу saat.kg карап көрүүнү чечти.

Күрөш

сүрөт: sputnik
сүрөт: sputnik

Дзюдо, эркин, грек-рим, самбо, кум жээк күрөшү. 2012-жылы Пекиндеги жайкы олимпиадада Канат Бегалиев жана Руслан Түмөнбаев коло жана күмүш медалга ээ болгон соң көпчүлүк өспүрүм балдар жапырт күрөшкө жөнөшкөн. Ошол жылдардан бери күрөш өз популярдуулугун жогото элек.

Айсулуу Тыныбекова балбан кызынан кийин кыздар да кызыгып калгандай.

Көк бөрү

Көк бөрү оюну

Ат үстүндө шамал менен жарышып ойногон кыргыз жигиттерине бир гана күрөш эмес көк бөрү да аябай кызык.

Улакчы Айбек Сыдыков билдиргендей, көк бөрү өнүгүү жолунда.

«Ата-бабабыздан келе жаткан оюн, олимпиада программасына кирбесе да, кызыккандар толтура. Казакстанда көк бөрү мектеби бар. Кыргызстанга деле ачса ашыктык кылбайт», — дейт Ысык-Көл командасынын оюнчусу.

Көк бөрү оюну боюнча чоң турнирлер өткөндө ат майданына көрүүчүлөр батпай да калат.

Футбол

сүрөт: sputnik
сүрөт: sputnik

Соңку жылдары Кыргызстанда футболго кызыккандардын саны өсүп баратканын байкасак болот. Чоң футболдор башталганда кафе-барларда киши жыш болот. Чет өлкөлүк командалар келгенде стадионго өтүү оңой эмес. Мунун артынан футбол ойногондордун дагы саны артып баратат. Кичи футбол аянтчаларынын көбөйүп жатканы буга далил.

Футбол аянтчасына көпчүлүк 18-25 жашка чейинки жаш балдар бара турганын аянтчалардын биринин администратору Медер Баитов билдирди.

«Бирок, 65 жаштагы атанын ар жума сайын келип, жаштарга үлгү болуп, ойноп кеткени мени таң калтырат», — дейт ал.

Фитнес, чуркоо

Кудум эле америкалыктардай болуп шаар тургундары баары чуркабаса да, эртең менен сейил бак же футбол талаа айланып машыккан адамдарды көрүүгө болот.

Ошондой эле, фитнес залдардын көбөйүшү, улуу-кичүү дебей жарандардын өз ден соолугуна кам көрүшү көпчүлүктү кубандырат.

Фитнес-инструкторлордун бири Тимур Амантур уулу машыгуучу залдар көп ачылып жатканын белгилеп өттү.

«5-6 жыл мурун эле, машыгуу залына бир гана спортко кызыккан адам барчу. Азыр жапырт модага айлангандай. Албетте бул жакшы көрүнүш», — деди ал.

фитнес

Бөлүшүү