Футбол, формула 1, ат жарыштары сыяктуу мелдештер дүйнөдөгү эң кымбат спорт түрлөрү деп эсептелет. Атактуу футболчулар жылына 100 млн долларга чейин киреше табышат. Ал эми федерациялардын бюджети чакан мамлекеттердикинен дагы көп. Маселен, 2014-жылкы бир айлык дүйнө чемпионатында ФИФА 4 млрд доллар пайда көргөнү маалым. Ошол эле жылы Кыргызстандын бюджетинин кирешеси бүгүнкү курс менен 1,5 млрд долларга жеткен эмес.

Дүйнөлүк спорт түрлөрүнө Кыргызстанда кызыгуу чоң болгону менен эл ичинде улуттук оюндардын кадыр-баркы чоңураак. Арасынан эң экстремалдуусу жана каражат көп айланган спорт түрү деп көк бөрүнү атаса болот.

d81af3a8-43a5-4062-877d-1ed337dac4ea_mw1024_s_n

Көк бөрү боюнча убагында дүңгүрөгөн  Кабылан командасында ойноп, азыркы учурда «Ысык–Көлдө» ойногон Болот уулу Алимдин айтымында, улак тартыш кыргыз жигити сыймыктануу менен ойной турган оюн. Акыркы жылдарды жакшы өнүгүп келе жаткан көк бөрүнүн келечеги алдыда. Бирок, баары бир казак туугандарыбыздан артта калат экенбиз. Кызыгы, аларда  кадимки эле улакчыларды  тарбиялап өстүрчү, ойногонду үйрөтчү мектептер бар. Кыргыздын көк бөрүсү андай деңгээлге жете элек. Бирок кубандырганы, көк бөрүнү колдогон мекендештерибиз көп экен.

«Негизи, көк бөрү Камчы Көлбаев спонсор болуп турган убакта аябай эле жакшы болгон. Ал колдоп турчу, мен анда Кабыланда ойночу элем. Байгелер миллиондоп коюлуп, ар бир улакчы 15 миңден 70 миң сомго чейин алчубуз.  Көчмөндөр оюнунда да ойнодук, быйыл да ойнойбуз. Балдарыбыз Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан үчүн ойношту. Алар ар бир оюнга 100$, үч оюнга 300$ доллар төлөп беришти», — дейт Алим Болот уулу.

Намысты колдон бербеген кыргыз жигиттери казактар менен да ойноп, баш байгени жеңген учурлар көп эле болот.

0IB4OnW4trA

Өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз деген Кара–Ой командасынын улакчысы Улан Дүйшөбаев азыркы учурда көк бөрү популярдуу, бирок арзан эмес дейт. Бир улак алсан эле 4-5 миңдин башы.

«Жакшы оюн көрсөтүш үчүн жакшы ат керек, күлүк аттар 10 миң — 40 миң долларга чейин барат. Көк бөрү бир гана адамдын эмес, аттардын да оюну. Жакында эле командага 22 миң долларга ат алдык. Өзүбүздүн ат корообуз бар», — дейт ал.

Атты багып, жемин алуу үчүн да акча каражат көп кетет. Мелдештерге чыкканда жолго, жатаканага деп атып 50 миңге чейин акча коройт. Айыл өкмөтү колдон келген жардамын берээрин айтат дейт улакчы.

«Көк бөрүчүлөр кыйратып акча таппасак дагы намыс үчүн, өз ырахатыбыз үчүн ойнойбуз»,- деп кошумчалай кетти дагы бир ушул эле команданын оюнчусу Айбек Сыдыков.

4d2a8713e0a9877c443270c6ad0

Акыркы учурда көк бөрүнүн көрүчүүлөр катарын бир гана кыргыздар эмес, чет элдик жарандар да түзүүдө. Кызыгуу менен караган туристтер үчүн оюндарды туристтик мекемелер уюштуруп берип, командага 15-20 миң сом төлөшөт.

Республикалык масштабда болгон турнирлер көп акчаны талап кылат.  Байге миллиондоп сайылып, жеңил унаалар да бат-баттан коюлуп турат. Көк бөру 5-6 миң сом менен ойнолчу оюн эмес. Бул — престиждүү оюн, көп каражатты талап кылат.

Улакчылар бул менен гана чектелип калбай,  өздөрү да мелдештерди уюштуруп турушат. Облустук масштабдагы оюн уюштуруу үчүн жалпысынан 10 миң долларга чейин каражат кетет дейт көчмөн оюнун өнүктүргүсү келген улакчылар.

Бөлүшүү