Cабаттуулук күнүн майрамдоо алкагында жана сабаттуулук жана билим алууну даңазалоо максатында, USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоору  жүздөгөн китепканаларында жана мектептеринде түрдүү иш-чараларды баштады.

Сентябрь айында, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер көркөм окуу жана сүрөт тартуу сынактарында, ошондой эле китеп көргөзмөлөрү, тегерек столдор, ар түрдүү викториналар, китеп окууга жана изилдөөгө арналган салтанаттуу иш-чараларга катышышат.

“Мага бүгүнкү викторина аябай жакты. Кызыктуу да болду. Көп суроолорго жооп таап, жаңы нерселерди да үйрөндүм”, – дейт 4-класстын окуучусу Аксаамай. Ал Бишкектин №65 жана №85 орто мектептеринин 60 окуучусу менен катар К. Баялинов атындагы балдар китепканасында өткөрүлгөн атайын китеп-викторинасына катышты.

Китеп окуу, сүрөт тартуу жана жазуу мелдештери Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Талас облустарында ишке ашырылып жатат. Бул иш-чаралар кенже класстардын окуучуларынын окуу жана жазуу көндүмдөрүн жогорулатат жана өз билимин жана тажрыйбасын ачууга жардам берет. Конкурстардын активдүү катышуучулары жана жеңүүчүлөрү үчүн байге катары USAIDдин «Бирге окуйбуз»  долбоору аркылуу берилген баалуу китептер каралган.

«Бардык балдар өмүрүндө биринчи жолу “жалпы диктант” жазууга абдан ынтызар. Диктант жазуу балдарды кызыгууга, сабырдуулукка жана жоопкерчиликке жардам берет», — дейт Марина Мерославна, Бишкек шаарындагы №57 орто мектебинин мугалими. Ал өз мектебиндеги башталгыч мектеп окуучулары үчүн «жалпы диктант» аттуу сынакты уюштурууга жардам берди.

Бөлүшүү