11-майда Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында КР элчилиги менен Кытай элчилиги жана Монголия менен бирдикте Кыргызстандын «2016-жыл Тарых жана маданият» жылынын алкагында тегерек стол уюштурулуп, Кыргызстандын туристтик потенциалын жана Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюну боюнча презентация жасашты.

Кыргыз Республикасынын Монголиядагы элчиси Канайым Бактыгулова Кыргызстандын тарыхын жана өнүгүшүн, ошондой эле, кыргыз-моңгол мамилелеринин учуру жана келечеги жөнүндө айтып берди. Ысык-Көл жээгинде күз айынын башында Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндары өткөрүлө тургандыгын белгилеп, бул мегадолбоорго моңгол тараптын активдүү катышуусун чакырды.

Бөлүшүү