Жогорку Кеӊештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргызстан Эквадор жана Монако өлкөлөрү менен дипломатиялык байланыш түзүүгө ниеттенип жатканы белгилүү болду.

Тармактык комитеттин мүчөлөрү аталган өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоорун жактырды.

Бөлүшүү