Быйылкы жылдын 30-июнуна карата мамлекеттин карызы 271 млрд 312 млн сом болду. Башкача айтканда 4,02 АКШ долларын түздү.

Аталган суммадан 254 млрд 209 млн сом тышкы карыз болуп эсептелинет. Же 3,767 доллар. Ал эми ал жалпы карыздын 94%ын түздү. Ички карыздар 17 млрд 112 млн сом болуп (254 млн доллар) жалпы карыздын 6%ын түздү.

Былтыркы жылдын акыркы айларында мамлекттик карыздардын өлкөнүн ички дүң өнүмүнө тиешеси 64,5% болду. Мерчемдөөлөр боюнча 60%дан өтпөшү керек болчу.

Бул маалыматтар “КРдин бюджетин болгон 2017-жылга карата жана 2018-19-жылдарга карата болжолдоолор” мыйзам долбоорунун коомдук сунушка коюлушунда каржы министрлиги тарабынан билдирилди.

Бөлүшүү