Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери бир нече эл аралык уюмдарга мүчө болуп келет. 

Шанхай кызматташтык уюму. Ал НАТО, ЕБ сыяктуулар менен тең тайлашат. Мындан өлкө канчалык пайда көрө алды?

Эл аралык мамилелер боюнча жаш адис Замир Айылчиев saat.kgге ШКУнун алдыга койгон максаттары жакшы түзүлгөнүн билдирди.

«Мисалы терроризм, сепаратизм жана экстремизмге, баңги заттарды жана куралдарды мыйзамсыз иштетүүгө каршы күрөшүү. Бирок иш жүзүндө бул уюм Кырыгызстанга көзгө көрүнөрлүк, алгылыктуу иштерди жүргүзө элек. Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселесинде ШКУнун кеңеши эч кандай реакция көргөзө алган жок. Андан сырткары Орто Азиялык карама-каршылыкты жойгон жок. Уюмда Кыргызстандын чоң таасири деле жок», — деди ал.

Жамааттык коопсуздук кызматташттык уюму. Орусия башында турган уюмга Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Белорус кирет.

Адис Замир Айылчиевдин билдиргенине караганда, ЖККУнун жакшы жери уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын карым-катнашты жакшырып, дипломатиялык жактан чындоосу.

«Ал эми практикалык жактан иштер кагаздын бетинде калууда. Эгер ЖККУ өзүнүн ишин жигердүү аткарганында Борбор Азияда чек ара маселеси, наркотрафик маселелери кайсыл бир денгээлде кыскармак. Орусиянын таасири күч болгондуктан уюмдун келишими боюнча аларды колдош керек болуп калат. Мисалы Түркия менен Орусиянын, Крым менен Украина мамилелеринде Кыргызстан аргасыз Орусияны колдоду. Бул Кыргызстандын уюмда аброю, жеке көз карашы жоктугун билдирет. Андан Грузия, Азербайжан, Өзбекстан чыгып кеткени туура чечим болгон», — дейт адис.

Евразия Экономикалык биримдиги. Замир Айылчиев кыргыз калкынын 63%ы агрардык жактан жан бага турганын белгиледи. Ал эми ЕАЭБ бул индустриалык жактан жанданган өлкөлөргө, өзгөчө Орусиянын экономикасына ылайыкташылган уюм деп эсептейт.

«Өлкөдө акыркы жылдары жеңил өнөр жай жана реэкспорт абдан жакшы нукта өнүгүп, экономикага пайдаларды алып келе баштаган. ЕАЭБге расмий түрдө мүчө болгондон бери аталган эки тармак абдан солгундап кетти. Кыргызстан бир канча жолу өзү тарапты коргогон билдирүү жасаганы менен алар көп натыйжа бербей келет. Ошондуктан биздин мамлекеттин орду бул уюмда өтө төмөн. Уюмга кирбеген Тажиксан менен Өзбекстан деле жашап келет. Ошондуктан бул уюмду колдобойм», — деди З.Айылчиев.

Кыргызстан эң биринчи мүчө болуп кирген уюм мурдагы советтик өлкөлөр түзгөн КМШ. Анын максаты — саясий, экономикалык, экологиялык, гуманитардык, маданий кызматташуу болуп саналат. Бир канча жолу жолугушуулар, формалдуу, бейформал саммиттер өткөрүлбөсүн, КМШ институту өзүнүн таасирдүүлүгүн жоготту. Ал түзүлгөн күндөн тартып, анын жоболорунда мүчүлүштүктөр кеткен. Кыргызстан уюмдун бир да пайдасын көрө элек деп эсептешет айрым саясат талдоочулар.

Түрк кеңеши 1992-жылы түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюму болуп түзүлгөн. Анын ичинде бир нече институттары бар. Өз ара кызматташтыкта алгылыктуу иш-чаралар өткөрүлгөнү менен аскердик, экономикалык жактан бирдиктүү программлар кабыл алып, аткарылган эмес. Бул уюм көбүнчө илим, билим, маданият тармагында иш алып барууда. Болгону уюмга 4 өлкө мүчөлүк кылат.

Айрым серепчилер Кыргызстан келечекте айрым ири өлкөлөр менен бир уюмга мүчө болуп, саясий, экономикалык колдоо издегенден көрө бир тууган түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюму менен кызматташтыкты бардык тараптан арттыруу менен жетишкендиктерди багынтса болот деп эсептешет.

«Кыргызстандын учурдагы алсыз экономикасы менен тескери таасир көрөсөтө албаганы кайсыл бир учурда маанилүү декаларцияны кабыл алууда вето коюу укугу бар. Эгер Кыргызстан коопсуздук боюнча саналган ШКУ, ЖККУ өңдүү уюмдардан чыгып кетсе, биринчи кезекте аталган уюмду баштаган өлкөлөр үчүн коопту болушу мүмкүн. Терроризм, экстремизм менен күрөшүүдө алсыз болуп, дипломатиялык катнашты жоготуп алышы мүмкүн», — деп билдирет адистер.

Бөлүшүү