17-24-июлда Вьтенамдын Ханой шаарында LII International Biology Olympiad  (VOVworld) биология предмети боюнча эл аралык олимпиада болуп өттү.

Олимпиадага дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн 288 окуучулар катышты.

Кыргызстандан барган  команданы “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин 4 окуучусу: Касымалиев Эмир, Мэлисов Даян, Бекташев Ислам и Садатбек уулу Байэл түздү. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Таластагы “Мана Ата- Себат” лицейинин окуучусу Мэлисов Даян жана Токмоктогу Ж. Баласагын атындагы лицейдин окуучусу Бекташев Ислам коло медалга татыктуу болушту.

Бул эл аралык биология предмети боюнча олимпиада (International Bioligy Olympiad) 1989- жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө 4 окуучудан турган командасы жана 2 жетекчиси менен катышууга укуктуу. Бул олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында биология предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлүп келет.

Бөлүшүү