Экономика министрлиги кытай бизнесмендери менен форумдарды өткөрүп, Кыргызстанга инвестиция салууга чакырууда.

Акыркы бизнес жолугуушулардын бири 5-июнда Нарын облусунда өттү. Жыйынтыгында, Нарын жетекчилиги менен Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусу соода, экономика, туризм жана маданият тармактарында кызматташуу боюнча меморандум кабыл алышты.

Форумда кыргыз тарап кытай ишкерлерине бир нече бизнес долбоорду сунуштады:

  • Долон ашуусунда тоо-лыжа комплексин куруу
  • “Байтор” этнокомплексин куруу
  • “Арашан” минералдык суусун өндүрүү
  • Таш көмүрдөн күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүү
  • Миң-Кушта жылына 1 млн тонна цемент чыгара турган завод куруу
  • Жүн, тери жана тыбытты кайра иштетүүчү ишкананы жандандыруу
  • Минералдык суу чыгарган “Эмел” ишканасын күчөтүү
  • Логистикалык борбор куруу
  • Мал сойгон жай куруу
  • Сүт кайра иштеткен ишкана куруу
  • Табигый ширелерди өндүрүүчү ишканаларды ачуу

Мындан тышкары, Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусуна улуттук кийимдерди экспорттоо үчүн “Аида” ишканасын калыбына келтирүү маселеси каралды.

Бөлүшүү