Шаньдунь Политехникалык университети жана Цзыбо шаарындагы Педагогикалык университет  кыргыз студенттерине 10 бюджеттик орун бөлүп берди. Абитуриенттерди тандоо 21-майда Бишкекте жана 20-июнда Ошто өтөт.

Конкурска 17-24 жаштагы баардык каалоочулар катыша алат. Буга чейин 2014-жылы Гуйлинь Технологиялык Университетинде 5 бюджеттик орун бөлүнүп, кыргыз студенттери бүгүнкү күндө бул окуу жайларында билим алышууда.

Кытай университеттеринде билим алууга шарттарды “Патриот-KG” коомдук бирикмеси түзүп келүүдө. Баардык суроолор боюнча 0555 43 32 12 номуру аркылуу кайрылса болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү