«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы жаш балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандарга карата өлүм жазасын колдонуу боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамын коомдук талкууга алып чыкты.

Баш мыйзамдын 21-беренесине «Өлүм жазасына жаш балдардын жыныстыгына кол тийбестикке каршы жасалган кылмыштарды кошпогондо тыюу салынат» сөздөрүн кошумча киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынан билдирди.

«Педофилдерге карата жоопкерчилик чарасын мыйзамдуу түрдө өлүм жазасын киргизүү менен катуулатыш керек. Эгерде депутаттар бизди колдосо, мындай норма учурдагы Конституцияга киргизилет», — деп белгиледи фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Бөлүшүү