“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик даража элге кызмат кылуунун, максаттарды ишке ашыруунун каражаты болуш керек экенин айтты.

Бүгүн “Бүтүн Кыргызстан», Ар-Намыс» жана «Аалам» партияларынын лидерлери маалымат жыйын өткөрүштү.

Ошол эле учурда “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов президенттик шайлоого ат салышпай турганын белгиледи.

Аталган партиялар бирдиктүү партиялык коалиция түзүшкөнүн кабарлады. Алардын максаты — шайлоону таза, ачык өткөрүү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү