Министрликтерде, административдик ведомстволордо жана башка мамлекеттик органдарда кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Бул боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 15-ноябрдагы №581 токтомуна кол койду. Анда өкмөттүн 2004-жылдагы «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Кол коюлган токтомго ылайык, мамлекеттик органдардагы тил боюнча адистер иш кагаздарды которуу менен бирге иш-кагаздарына лингивистикалык-экспертиза жүргүзөт жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштерди алып барат.

Буга байланыштуу мамлекеттик органдардагы кызматкерлер иш-кагаздарды котормочу аркылуу которбостон өздөрү которуу менен лингвистикалык-экспертизадан өткөрөт.

Бөлүшүү