Мамэкотехинспекциясынын текшерүүсүндө Ак-Талаа райондук сотунун имаратын курууда бир нече эреже бузуулар аныкталган.

Курулуш материалы катары имараттын үстүн жабууда колдонулган плита мурда колдонулуп, эскилиги жетип капталынан, үстүнкү жана астынкы беттеринде жарака из кеткен. Үстүнкү бети кысылуу  күчүнүн натыйжасында бетондору упурап, каркас арматуралары корүнүп калган. Кыска участокторду жабуу үчүн плиталарды ар түрдүү кескичтердин жардамы менен кесип, плиталардын туруктуулугун андан бетер начарлатып коюшкан.

Инспекторлор тарабынан  плиталарды колдонууга болбой турганын жана плиталарды имараттан алып салууга талап коюлду.

Коюлган талаптар аткарылбаса мамэкотехинспекция тарабынан мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөөрү белгиленет.

Бөлүшүү