Энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну жеңилдетиш үчүн жарандык-процессуалдык кодекске өзгөртүүлөр киргизилди. Эми электр зымдары өткөн же ГЭС курула турган жерде жеке турак жай болуп калса, мамлекеттик органдар аны алып коюуга же каалаган баада сатып алууга укуктуу.

Кодекске киргизилген өзгөртүүлөр 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Бүгүн ага президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Жогорку Кеңеш 6-апрелде кабыл алган эле.

Документке ылайык, алгач үй ээсине кандайдыр бир сумма сунушталат. Эгерде тараптар макулдаша албай калса, мамлекет үйдү (жерди) коомдун керектөөсү үчүн алып коюу үчүн же өзү бир сумма бекитип, эки айдын ичинде сотко кайрылат.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, арыз түшкөндөн кийин сот аны бир айдын ичинде карап чыгышы керек.

Бөлүшүү