Өткөн жумада КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттин демилгеси менен Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча референдумду күзүндө өткөрүү сунушталып жатканын жар салган. Бул мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

Ошол эле учурда Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандар бар. Алардын катарын толуктаган “Жаңы муун” саясий кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков Акаев, Бакиев убагында кеткен каталар азыр дагы кайталанып жатканын айтты.

“Тилекке каршы 25 жылдын ичинде Конституция 9-10 ирет өзгөргөнү турат. Акаевдин, Бакиевдин убагында да мындай өзгөрүүлөр болгон. Алардын режимин, ыйгарым укуктарын гана күчтөп келген. Мына бүгүн дагы так ошол тарых, так ошол каталар кайталанып жатат. Биздин “дежур” эксперттер, бийликтин кошоматчылары тарабынан өзгөртүүлөр керек деген сөздөрүн айтышууда”, -дейт ал.

Мавлян Аскарбеков бул өзгөртүү элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн өзгөртүү эмес экенин белгиледи.

“Бийликтин кээ бир бутактарын күчтөө максатында гана жүргүзүлгөнү жатат. Президенттин жана премьер-министрдин укугун, бийлигин күчтөөгө багытталган өзгөртүүлөр. Мындай өзгөртүүлөр бизге кереги жок”, — дейт.

Мындан тышкары, Аскарбеков бүгүнкү күндөгү Конституция менен азыркы президентти узатып, жаңы президентти шайлоо керек экенине токтолду.

“Быйыл ушул Баш мыйзам менен жергиликтүү кеңештерге шайлоону, 2017-жылы президенттик шайлоону өткөрүшүбүз керек. Президенттик шайлоо өткөндөн кийин 2017-жылдан 2020-жылга чейин жалпы элдик талкууга жаңы конституцияны алып чыгышыбыз зарыл. 3 жыл бою талкуулап элдин ичинде бардыгыбыз бир бүтүнгө, бир чечимге келип жаңы Конституцияны кабыл алышыбыз керек”, — деди.

Ошондой эле ал бийликке мындай ыплас аракетти токтотууну сунуштады.

“Мындай аракетти мурдагы президенттер да көргөн, жыйынтыгын бардыгыбыз көрүп жатабыз. Ошондуктан 2020-жылга чейин конституцияны өзгөртпөө зарыл. Бул 1 айдын ичинде өзгөртүп жибере турган документ эмес. Абдан кылдаттык, жалпы элдин талкуусу, макулдугу менен кабыл ала турган документ», — деди.

Бөлүшүү