Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жылына 2000 миңге чейин болуп жатканын стат комитет билдирген.

2014-жылы 1021 учур катталса, 2015-жылы бул сан 0,6 %га өскөн.

Мектеп окуучулары арасындагы болгон рэкет ошол көйгөйлөрдүн бири болуп келет.

«Реформа жана жыйынтык үчүн»  жарандык коомунун жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, мектеп окуучулары коркутууларга 12-13 жашынан баштап туш болушат.

Серепчилердин айтымында, расмий статистика чыныгы болуп жаткан окуяларды чагылдыра албайт.

 

«Мектеп рэкетинен улам өспүрүмдөр арасында өзүнө-өзү кол салуу дагы болушу мүмкүн»,- дейт психолог Ася Карыпбекова.

Социалдык педагог Гүлназ Адылбек кызы рекеттин эки түрү боло турганына токтолду.

«Күч колдонуп жана күч колдонбой коркутуу. Азыркы учурда экинчи түрү көбүрөөк кездешет. Жогорку класста окугандар түз эле же бирөөлөр аркылуу акча сурайт. Сумма 20 сомдон өйдө, кээде уюлдук телефондор, кийим да болушу мүмкүн. Албетте алганын кайтарып беришпейт. Ар бир үчүнчү окуучу рэкетке кабыл болот. Кийин өзү опузалап коркутууга киришет. Бул үзүлбөгөн цикл», — дейт.

Мындан тышкары, ал таасирдүүлөрү жана чоңдору көбүнчө физикалык жактан жакшы өнүккөн, күчтүү балдар боло тургандыгы тууралуу айтты. Алардын жүрүм-турумунда ашкере агрессия болушу мүмкүн.

Реформа жана жыйынтык жарандык коомунун изилдөөсүнө ылайык, ар бир класста өзүнүн көзөмөлдөөчүсү (смотрящий), козголоңчусу (зажигала), чечүүчүсү(решала) болот. Алар жолугушууларды (сходняк) уюштурушат. Ал жерде  айыптууларды (косяк) сабап, күч колдонуу болот. Бул атмосфера окучууларга терс таасирин тийгизет.

Окучуунун толтурган анкетасы.

«Мектепти бүтүп кеткендер жогорку класстагыларга чалышат да сумманы айтышат. Белгиленген күнгө  акчаларды даяр болушу керек. Өз учурунда тигилер кичүү класстарга барып, акча таап берүүнү талап кылышат. Кээде акчалар башка мектептин лидерлерине жардам берүү үчүн чогултулат», — деп жазылган анкетада.

Серепчилердин айтымында, рэкет айылда, шаарда атүгүл кыздар арасында да бар. Бирок масштабы чоң эмес.

Жарандык активист Назгүл Турдубекова билдиргендей, бул көйгөй жашырылып келет.

«Мектептерде менин билишимче бул маселе чоң болгону менен жашыруун болуп келет. Себеби мага салык салды деп ачык айтуудан балдарыбыз коркот. Менин билишимче азыр атайын рэкеттин алдын-алуу боюнча долбоорлор иштелип чыгууда. Алардын жардамы менен күрөшүүгө мүмкүн деп ишенем. Балдар арасындагы зомбулук бул бир гана мектептердин эмес, бул коомдун, ата-эненин көйгөйү. Бир гана социалдык мугалим, психолог же ИДН кызматкерине илип койчу маселе эме»,- деди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү