Учурда ички иштери министринин милдетин аткаруучу, эртеңки министр Кашкар Жунушалиев эмгек жолун райондук ички иштер башкармалыгынын инспектору болуп баштаган. Ал тууралуу коомдун пикирин жараткан окуялар деле көп кездешпейт экен. Болгону прессада “Нурайым деген бийкечтин артында Кашкар турат” деген сындуу макалалар чыккан.

Нурайым аттуу кыз кымбат балуу унаалардын баарына номурдун ордунда NURAIYM деп жазылган сүрөтүн соцтармакта жайгаштырган. Ал кезде Жунушалиев шаардык ички иштер башкармалыгын гана жетектеп турган. Эми министр болуп келсе, Мелис Турганбаев аткарбай кеткен иштерин же башка өзгөрүүлөрдү киргизе алабы?

 

КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, тажрыйбасы министр болгонго толугу менен жетет.

“Ички иштер министрлиги бүгүнкү күндө реформа кылганга муктаж болуп турат. Кашкар Жунушалиевди биз ушул тармакта көп жылдан бери эмгектенген генерал катары жакшы тааныйбыз. Тажрыйбасы жетиштүү деп айта алам”, — дейт эл өкүлү.

 

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов анын таза иштей турганын баса белгиледи.

“Жөнөкөй кызматтан министрдин орун басарына чейин көтөрүлгөн. Тажрыйбасы чоң. Эл арасында дагы кадыр-барктуу. Милиция кызматкерлерине наам берүүдө, жумушка орноштурууда айрымдар пара алып келсе, Жунушалиевдин андай адаты жок экен. Эми ачык айтыш керек, чоң өзгөртүү кылып жасап жибериш кыйын. Таза иштеп берсе дагы чоң жардам болот”, — дейт депутат.

Ал эми экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов болсо эч нерсени өзгөртө албай турганын билдирди.

“Авторитардык-советтик системада милиция президентке гана кызмат кылат. Жаңы министрдин келиши менен эч нерсе деле өзгөрбөйт”, — деди ал.

Бөлүшүү