Алмазбек Атамбаев Москвадагы басмаканада чыккан өрт учурунда алоолоп жаткан имаратка кирип, кыздарды куткарган 6 баланы сыйлоо боюнча суроону кароого буйруду.

Алардын арасында бир орус жана 5 кыргыз жараны болгон.

Бул маалыматты өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Алар 3-4 кызды куткаргандыгы айтылат.

27-августта эртең менен «Печатный экспресс» ишканасына таандык болгон басмаканада кыска мөөнөттөгү чыңалуудан өрт чыгып, айрымдардын денелери күйүп, көпчүлүгүнүн ууктурган түтүндөн каза болгону айтылат. 14 кыргызстандык мерт кеткен. Көбү аялзаты жана 20-22 жаштардагы жаш кыз-келиндер болгон.

29-августта каза болгон жарандардын сөөктөрү Бишкек жана Ошко шаарларына жеткирилген.

Бөлүшүү