№2 төрөт үйүнүнүн башкы дарыгери Азамат Алымбаев теракт коркунучунан улам  өнөктөштүк төрөткө тыюу салынганын Saat.kgге айтып берди.

«Түркияда, Францияда болгон окуялардан улам сак болгула деген кат келген. Ошондуктан өнөктөштүк төрөткө тыюу салынды деген билдирүүнү төрөтканага илип койдук»,- деди дарыгер.

12-августтан баштап төрөтканада өнөктөштөргө кирүүгө мүмкүн болот.

Буга чейин saat.kg өнөктөштүк төрөт боюнча фоторепортаж даярдаган.

Бөлүшүү