Экономика министри Арзыбек Кожошевге Нарындын бизнес өкүлдөрү нааразычылыктарын билдиришти.

Эт азыктарын сатуудагы атаандаштык боюнча айтып, дүкөндөрдөгү Беларусиянын этин алып салууну өтүнүштү.

“Биз өзүбүздүн этти өткөрө албай жатсак, кайра башка жактан алып келип жатышат. Беларусиядан эттер келип жатат” – дешкен алар.

Ал эми Кожошев болсо, бир биримдиктин ичинде болгондуктан Беларусиянын этин алып сала албай турганын айтты.

«Бул соода атаандаштыгы болгондугу үчүн силер алардан алдыга озуп чыгышыңар керек. Нарындын этинин кандай баалуу экенин бардыгы билишет. Мен жеке өзүм эт алып жатканда сурайм. Эгерде Нарындыкы болбосо албайм” – деп министр нааразы ишкерлерге жооп берген.

Бөлүшүү