Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы.

Ал колуна “Референдум болбосун, Конституция өзгөрбөсүн” деген жазууну көтөрүп алган. Ошондой эле ал кыргыз элин Баш мыйзамга өзгөртүүгө каршы чыгууга чакырды.

“Баш мыйзамды өзгөртсөк Акаевдин, Бакиевдин убагындагыдай эле болот. Биздин кичинекей, экономикасы өнүкпөгөн өлкөгө дагы революциянын кереги жок. Кыргыз эли көңүл кош болбогула”, — дейт жарандык активист.

Токтонасыровго адаттагыдай эле күч органдары акцияны өткөрүүгө тоскоолдук жаратты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү