Өлкөсүнүн желегин желбиреткен спортчуларга башка өлкөлөрдө канча төлөнөт? Бул боюнча Saat.kg аныктап көрдү.

АКШ

Бул өлкөдө медалисттер үчүн премиянын саны 1984-жылдан бери өзгөрүүсүз калууда. Алтындын ээлерине 25 миң доллар.

Польша

38 миң доллар алтынга, 25 миң доллар күмүшкө жана 16 миң доллар коло медалга берилет. Ошондой эле демөөрчүлүк байгелер жана KIA үлгүсүндөгү автоунаа каралган. Бирок даярдануу камылгасы спортчунун өз мойнунда. Ал эми  башка өлкөлөрдө атайын каражат бөлүнүп берилет.

Беларусь

Алтын медалга Беларусияда 150 миң доллар, ал эми күмүшкө 75 миң доллар жана колого 50миң доллар.

Орусия

2015-жылы Дмитрий Медведев медалисттердин премиясы тууралуу токтомго кол койгон. Ага ылайык алтын медалисттер 4 млн рубль, күмүш 2,5 млн рубль ал эми коло 1,7 млн рубль алат.

Украина

Биринчи орунду алган спортчу Украинада 125 миң доллар, ошондой эле экинчи орунга 80 миң доллар жана үчүнчүгө  55 миң доллар каралган.

Кытай

Кытай Олимпиадалык комитети өзүнүн спортчуларына алтын үчүн 50 миң доллар, күмүш үчүн 25 миң доллар жана коло үчүн 15 миң доллар даярдаган.

Эң көп төлөгөн Таиланд 314 миң доллар. Бирок  акчалар 20 жылдын ичинде ай сайын бөлүнүп берилет.

Германия, Австрия өз жеңүүчүлөрүнө  20 миң доллардан төлөсө, ал эми Уулу Британия, Норвегия, Швеция жана Хорватия такыр төлөбөйт. Алар байгенин акчасын жаштардын жана балдарддын спортун өнүктүрүүгө жумшашат.

Кыргызстанда

  1. Олимпиадада биринчи орундун ээлерине 7 миллион сом каралган;
  2. Экинчи орун үчүн — 5 миллион сом;
  3. Коло медаль тагынгандарга 3,5 миллион сом берилет.

Сыйлык бир гана медалдар үчүн берилбейт. 4-орун ээсине 2 миллион каралган, 5-орунга 1 миллион, 6-орун – 900 миң, 7-орун – 800 миң, 8-орун үчүн 700 миң сом.

Мындан тышкары, байгелүү орундардын ээлери биринчилик үчүн 20 миң, экинчи орун 17 миң, коло медаль үчүн 15 миң сомдогу стипендия алышат. Ал  мамлекеттик спорт агенттиги тарабынан өмүр бою берилет.

 

Бөлүшүү