Алар курултай менен жарандык форумду октябрда өткөрүүнү пландоодо.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, экс-депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, жыйында оппозиция өкүлдөрү менен жарандык коом бийликти Конституцияны реформалоодон баш тартууга чакырат.

Буга чейин белгилүү болгондой, 5 фракция баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү колдошкон. Негизги мыйзам долбоору коомдук талкууга сунушталган болчу.

Бийлик жергиликтүү кеңешти шайлоо учурунда референдум өткөрүүнү чечкен эле. Ал эми оппозиция конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү